Kaktus.media күндүзгү сатционарларды текшерди. Алар азырынча ачыла элек (видео)
RU

Kaktus.media күндүзгү сатционарларды текшерди. Алар азырынча ачыла элек (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

В мэрии считают, что пока нет необходимости в открытии дневных стационаров для больных COVID-19.

19-июнда Бишкектин мэриясы күндүзгү сатционарлар даярдалып жатканын маалымдаган.

Бирок туугандары ооруп калган шаардыктар мэрия көрсөткөн даректер боюнча кайрыла алышкан жок. Kaktus.media'нын окурмандары шаар ичин кыдырып, бир да иштеп жаткан стационар таппай койгонун айтышкан.

Kaktus.media редакциясы стационарлар ачылган даректер боюча барып, чындап эле алардын иштебей турганын аныктады. "Сейтек" мектебине керебеттер гана алынып келинген, андан башка эч нерсе жок. Муниципалитет маалымдагандай дарыгерлер жана кычкылтек концентраторлору жок.

"Дордой" жаңы конушундагы №94-мектеп журналистти стационарга киргизбей коюшкан. Мэрия уруксат бергенден кийин гана спорт залга жайгаштырылган керебеттерди көрүүгө мүмкүн болду.

Мектептегилер аларга стационарларды ачуу буйругу бериле электигин билдиришти. Анын үстүнө барыбир дарыгерлер жок.

Мэрия ачыла элек стационарлар боюнча кандай комментарий берди?

Редакця комментарий алуу үчүн бул маселе үчүн жооптуу деп саналган, Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачевага кайрылды. Анын айтымында, алар стационарларды экстрендик кырдаалга даярдашкан, азырынча аларды ачуунун зарылчылыгы жок.

"Биз анонс кылганбыз, зарылчылык пайда болсо, стационарларды ачууга даярбыз, деген өңүттө. Эгер эпидемиялык кырдаал курчуп кетсе. Стационарлар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин буйругу менен ачылат", - деп Мозгачева түшүндүрдү.

Вице-мэрдин айтымында, азырынча ооруканаларда орун жетиштүү. Бүгүнкү күндө клиникалык протоколдор өзгөргөн. Оору жеңил жана орто формада өтүп жатса капельница коюлбайт, негизинен дары эле жазылат.

Андан тышкары, ал оору жугузгандар үчүн 118 линиясы иштеп жатканын эскертти.

Белгилей кетсек, 118ге телефон чалуу мүмкүн эмес. Муну Kaktus.media'нын журналисттери жана окурмандары тастыктап беришет.

Мозгачева акыркы кезде 118 линиясына кайрылуулар кескин өсүп, саламаттык министрлиги линиялардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Kaktus.media вице-мэрден эмне үчүн поликлиникалар коронавирус жугузуп алган деп шектелген бейтаптарды кабыл алуудан баш тартып, аларды кайра үйлөрүнө жөнөтүп, 118 линиясынын бригадасын күткүлө, деп айткан учурлар көп болуп жатканын сурады.

"Саламаттык министрлиги бул боюнча отчет берип, ҮДБнин медиктери жаңы протоколдор боюнча үйрөтүлгөнүн кабарлады. Алар атайын даярдыктан өтүшкөн. Медиктер сорттоо функциясын аткарып, оорунун формасынын деңгээлин аныкташат. Ал эми кабыл алуудан баш тартканы туура эмес", - дейт Мозгачева.

Kaktus.media'дан рекомендациялар:

  • Эгер COVID-19 жугузуп алдым деп шек санап жатсаңыз, анда жашаган жериңизге караштуу Үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, консультация алыңыз.
  • Эгер дарыгерлер сизди көрүүдөн баш тартса, анда медициналык мекеменин жетекчилигине же Саламаттыкты сактоо министрлигине арызданыңыз.
  • Ошого да карабастан дарыгерге кире албай калсаңыз, анда 118 линиясы аркылуу бригаданы үйгө чакыртыңыз.
  • Эгер ал жака телефон чала албасаңыз, өз алдынча ПЦР-тестин тапшырып, анализдин жыйынтыгы менен ооруканалардын алдындагы стационарларга кайрылыңыз.
  • Ал эми эң эле туурасы - беткап тагынып, санитайзер колдонуп, аралыкты сактаганыңыз. Колдон келсе массалык иш чаралардан (той-аш) баш тартып, үйдө эле болуңуз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2317