Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сузүп, окуя болгон жерден кетип калган
RU

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сузүп, окуя болгон жерден кетип калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Патрулдук милициянын кызматкерлери жашынып жаткан айдоочуну кармашты.

Жол кайгуул басма сөз кызматы билдиргендей, 15-июнда кечки саат 18:00 чамасында белгисиз айдоочу 7-апрель менен Исакеев көчөлөрлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Натыйжада жабырлануучу 1988-жылы туулган С. О., физикалык жаракаттар менен медициналык жардам алган.

29-июнда Honda Fitтин айдоочусу А. И., 2000-жылы туулган унаа башкарууга шектелип кармалып, камакка алынган .

Андан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилип, унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2326