Адиль Атаханов алдамчылыкка шектелип кармалды
RU

Адиль Атаханов алдамчылыкка шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адиль Атаханов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул жөнүндө Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери айтып беришти.

Алар берген маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда, Атаханов Адиль Асылбекович алдамчылыкка шектелип камакка алынды. Адиль экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жээни.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы Адиль Атаханов Түркмөнстандын жаранынан кымбат маркадагы Тойота Прадо унаасын алган экен. Сумманын бир бөлүгүн төлөп, калганын төлөгөндөн баш тартып, кача баштаган.

Ага карата кылмыш иши козголуп, кечээ, 30-июнда, камакка алынып, Бишкектин ШИИБсине жекирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2332