Исхак Масалиев: каникулга тарап кеткен депутаттар отпускнойго 200-300 миң сомдон алышат
RU

Исхак Масалиев: каникулга тарап кеткен депутаттар отпускнойго 200-300 миң сомдон алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каникулга тарап кеткен депутаттар отпускной катары 200-300 миң сомдон алышат. Бул жөнүндө өзүнүн социалдык баракчасына Исхак Масалиев жазган.

"Жогорку Кенеш...Керек болсо, айлык да албайбыз деген сөздөр эсиңерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан жаңы шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышкан болчу, мөөнөтүн 2021 жылдын июнуна чейин узартышкан... Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да койгон жок...

Эми, чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 000 сомдон 300 000 сомдон акча берилет. "Отпускной" дейт аны...", деп Масалиев белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сессиясы 30-июнда жыйынтыкталып, кийинкиси 1-сентябрда башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2338