"Бирге" партиясынын талапкери Токмоктогу таксисттерди сатып алууга аракет кылды. Видео
RU

"Бирге" партиясынын талапкери Токмоктогу таксисттерди сатып алууга аракет кылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ жана Токмок АШКсы "Бирге" партиясынын талапкерине келип түшкөн арыздануу боюнча иш алып барышууда. Бул тууралуу Kaktus.media'га Боршайком маалымдады.

Даттануу Ч.С.тен келип түшкөн. Анын айтымында, 1-июлда "Бирге" партиясынан депутаттыкка талапкер А.З. (божомолдор боюнча Зафаржан Абраимов) анын агасына таандык болгон Агрардык колледждин стадионунда, "Люкс" таксопаркынын айдоочуларынын арасында чогулуш өткөргөн.

"Өзүнүн сөзүндө А.З. таксиситтерге кайрылып, Токмок шаарынын жашоочуларынын арасында "Бирге" партиясын колдоп, калк арасында, андан тышкары тууган, дос ичинде үгүт иштерин жүргүзүүгө үндөгөн. Эгер "Бирге" партиясы утуп кетсе, "Люкс" таксопаркынын жетекчилиги таксисттерден эки жумага чейин тейлегендиги үчун акы албай тургандыгын убада берди", - деп арыз жазуучу билдирди.

Болгондо да жеңиш төмөнкү шайлоо участокторунда керек экен:

  • №6-орто мектеби - №7063 УШК
  • №35 лицей - №7065 УШК
  • "Гарпотяга" - №7076 УШК
  • ТАПК техникум - №7066 УШК
  • №3-орто мектеби - №7069 УШК
  • культпросветучилище - №7070 УШК

Далил катары видео жөнөтүлгөн.

Эске салсак, Республиканын үч шаарында - Бишкек, Ош, Токмокто кайрадан жергиликтүу кеңешке шайлоо өтүп жатат. Токмоктогу шайлоого алты саясий партия ат салышууда. Шайлоо күнү 11-июлга белгиленген.

"Бирге" партиясы азырынча комментарий бере элек.

Эгер партия кооментарий берүүгө даяр болсо анда төмөнкү телефондор аркылуу байланышка чыга алат:

[email protected];

+996 312 62 07 60;

+996 700 62 07 60.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2358