Жапаров мас болуп жүргөн сотту көрсөткөнү эсиңиздеби? Ал кызматтан алынды
RU

Жапаров мас болуп жүргөн сотту көрсөткөнү эсиңиздеби? Ал кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук сотунун судьясы Оңолбеков Дамирбек Мадылбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, ал кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Администрация Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгонун билдирди.

Дамирбек Оңолбеков ушул жылдын июнь айынын башында белгилүү болгон: Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отурумунда Чүй облустук сотунун судьясы мас абалында соттун имаратын ачууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу видеотасманы көрсөткөн.

Андан кийин президент ага тезинен чара көрүүнү тапшырган.

Судья өз кезегинде видео 2020-жылдын 4-июлунда, ишембиде (жумуш эмес күн) тартылгандыгын билдирди. Жана өзү кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2376