Мыйзамсыз байыган деп шектелип жаткан Алиярбек Абжалиев парламенттин отурумуна келди
RU

Мыйзамсыз байыган деп шектелип жаткан Алиярбек Абжалиев парламенттин отурумуна келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир топ убакыттан бери чет өлкөдө жүрүп, кайтып келген депутат Алиярбек Абжалиев бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышына келди.

Эске салсак, 28-июнда Абжалиев кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан тараптан дароо УКМКнын кызматкерлери колго түшүрүп, тергөө кызматына алып келгени белгилүү болгон.

Маалымат берген булактын билдирүүсү боюнча, ал 20 млн сом төлөдү. Жалпы зыян келтирүүнүн суммасы 50 млн сом деп бааланууда. Бул жөнүндө расмий маалымат жок.

Андан мурун УКМКнын АККси депутаттын мыйзамсыз баюу фактысын аныктаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, расмий айлыгына дал келишпеген активдерди сатып алган. Айыптоо коюлгандан мурун Абжалиев Бишкек - Стамбул маршруту менен кетип, Кыргызстанга келе элек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2400