УКМК Нарындын жашоочусун экстремистиик уюмдан баш тартууга көндүрдү (видео)
RU

УКМК Нарындын жашоочусун экстремистиик уюмдан баш тартууга көндүрдү (видео)

Все самое интересное в Telegram

Кыргыз Республикасынын диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кочкор районунда диний иштер боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Диний экстремизмге каршы, Нарын облусунун жашоочусу "Б.у.Ш." аттуу жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды.

2021-жылдын 30-июнунда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, Б.у.Ш. өзүнүн көзкараштарынын жаңылыштыгын мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартканын белгилеп, райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга

чакырды.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2401