Дайынсыз жоголгон Канат Асановдун сөөгү курулуп бүтө элек үйдөн табылды
RU

Дайынсыз жоголгон Канат Асановдун сөөгү курулуп бүтө элек үйдөн табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1,5 жыл бою дайынсыз деп эсептелген 50 жаштагы Канат Асановдун сөөгү табылды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда Бишкек шаарынын Садырбаев көчөсүндө жайгашкан, курулуп бүтө элек үйдүн ичинен сөөктүн табылышы боюнча чакыруу түшкөн.

Келген милиция кызматкерлерине 2-июль күнү саат 11:00 чамасында Ч.М жана эки жумушчу курулуп бүтө элек үйдө курулуш иштерин баштоону чечишип, үйдүн ичинде жаткан эски тактайларды алып чыгып жатышканын айтышкан. Ошол учурда тактайлардын жана курулуш материалдарынын астынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" (130-берене) беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Экспертиза дайындалды.

Мындан тышкары, 3-июлда эркек кишинин сөөгүн туугандары аныкташкан, ал 1969-жылы туулган А.К.

Эске салсак, 2020-жылдын январь айында туугандары 1969-жылы туулган Канат Асанов жоголгонун билдиришкен. Ал 9-январда Ынтымак конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2404