Бүгүн Бишкекте катуу шамаал болот. Унааларды бак-дарактардан алыс токтоткула
RU

Бүгүн Бишкекте катуу шамаал болот. Унааларды бак-дарактардан алыс токтоткула

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте жана Чүй облусу боюнча ылдамдыгы 15-20 метр секундасына жүргөн катуу шамаал болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Кокустуктарды жана жеке мүлктү талкалоону алдын алуу үчүн Бишкектин мэриясы автосүйүүчүлөргө унааларын бак дарактардан жана жеңил конструкция тибиндеги курулуштардан обочороок жерге токттотууга үндөдү", - деп билдирүүдө жазылган.

Бак-дарактардын кулап түшкөндүгү жөнүндө 1840, 1850 номерлерине чалып билдирүүгө болот. Ал эми фото жана видеофактыларды Бишкектин мэриясынын 0554 182 185 ватсап номерине жөнөтсөңүз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2416