Чүй облусунун башкы автоинспектору 24-февралга чейин камакта болот
RU

Чүй облусунун башкы автоинспектору 24-февралга чейин камакта болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун ЖКККББсинин үч инспектору тергөөчүлөр менен кызматташууга макул болгондуктан үй камагына чыгарылган. Ал эми Чүй ЖКККББсинин жетекчиси Шаирбек Бопонов Биринчи май райондук соттун чечими менен 2021-жылдын 24-февралына чейин УКМКнын СИЗОсунда калтырылды.

Эске салсак, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Чүй облусунун ЖКККББ инспекорлору "Актилек - Автодорожный" өтмөк пунктунан системдүү түрдө пара алып жаткан фактысын каттаган. 24-декабрда ИИМ менен жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш чаралардын натыйжасында үч инспектор М. Т. М., Ш. Р. М. жана А. С. А. кармалды.

25-декабрда коррупциялык схемага Чүй облусунун ЖКККББсинин жетекчиси, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов да тийиштүү деп шектелип, камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/241