Жанар Акаев: Батукаевди качырганы үчүн Атамбаев камакта. Жапаров тарыхты кайра кайталайт
RU

Жанар Акаев: Батукаевди качырганы үчүн Атамбаев камакта. Жапаров тарыхты кайра кайталайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев Орхан Инандынын иши боюнча жеке пикирин социалдык тармактарга жарыялаган.

Анын айтымында кыргыз бийлиги, күч органдары түрк мамлекетинин атайын кызматынын иш аракеттери жөнүндо билбей калышы мүмкүн эмес болчу. Биздин бийлик бардыгына көз жумуп, эл караган жүзүбүздү жер каратты.

"Түркиянын атайын кызматы келип, каалагандай бастырып келип, биздин жараныбыздын колу-бутун кайрып алып кеткени, биздин бийлик үчүн, Кыргызстан үчүн көө-жалаа, абдан уят иш, деп айтса болот.

Анткени, баш мыйзам боюнча, бийлик ар бир жараныбызды көздүн карегиндей сакташ керек. Башка өлкөнүн күч органдары кирип келип, алып кеткени, күч органдарыбыздын, бийликтин ошого жол бергени, биринчиден - шалаакылык, экинчиден - кылмыш.

Кыргыз бийлиги бул үчүн кийин жооп берет. Азиз Батукаевди качырып жибергени үчун мурунку президент баш болуп түрмөдө отурат. Кийин дал ушул окуя кайталанат. Калп айткандыгы үчүн эл алдында жооп берет, - дейт Акаев.

Буга чейин Атамбаев дагы, Жээнбеков дагы Орхан Инандынын өткөрүп берүү талабын четке кагып келген.

Депутаттын пикири боюнча эгемендүү мамлекеттин позициясы ушундай болушу керек.

Эми макул кымбатчылык, экономиканы, күч органдарын, сотторду реформа кылуу колдон келбесин, бирок жок дегенде, жарандардын коопсуздугун сактап бериш керек да.

Же биздин бийликтин 5-6 саясатчыны, 4-5 бизнеменди кармап, ошолордон баланча акча кустуруп койгонун чоң жумуш деп ойлошобу? Мындайча айтканда, үйдө баатыр жоодо жок. Өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер да.

Кошуна өлкөлөр басытырып кирип, жарандарыбызды өлтүруп жатса, аларга кайра колду көкүрөккө алып барып атсак, башка өлкөнүн президенти бүгүн чыгып алып, Кыргызстандын жаранын кармап алып кеткенин бүтүндөй дүйнөгө мактанып атса, ошого да унчукпай отурсак.

Кыргыз бийлиги Орхан Инандыны кайтаруу үчүн бардык аракетин көрүшү керек. Болбосо Азис Батукаевдин иши боюнча жоопкерчиликке тартылып жаткандай, эл алдында жооп берүүгө туура келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2422