Кримтөбөл Чынгыз Джумагулов түрмөдөн чыгат
RU

Кримтөбөл Чынгыз Джумагулов түрмөдөн чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү - Дөө каймана аты менен таанымал болуп калган кримтөбөл Чынгыз Джумагулов колониядан бошотулат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, ушул жуманын этегинде кримтөбөл Джумагулов күчөтүлгөн режимдеги колониядан толугу менен бошотулат, анткени беш жылга камакка алуу мөөнөтүн өттү.

Эске салсак, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Эсенбаев Джумагуловду "Бейбаштык" беренесин "Ден соолукка оор кесепетин келтирүү" беренесине өзгөртүп, беш жылга камакка алуу жазасын чыгарган болчу. "Кылмыш тобун түзүү жана анын мүчөсу болуу", "Ден соолукка оор кесепетин келитрүү" жана "Автотранспорттук каражатты уурдоо" беренелери боюнча Джумагулов толугу менен акталып чыкты. Анткени кылмыштын курамы аныкталган эмес.

2019-жылы эки эркек кишини өлүмгө жеткире сабап салышкан. Джумагуловго так ушул кылмыш иши боюнча издөө жарыяланган болчу. Бирок, күнөөнү толугу менен анын кол алдындагылары, кылмыштуу топтун актвидүү мүчөлөрү, 1984-жылкы Марсбек Тентиев жана 1981-жылкы Илияс Айдакеев алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2423