Улукбек Марипов стратегиялык иликтөөлөр институтунун директорун кабыл алды
kaktus.kg

Улукбек Марипов стратегиялык иликтөөлөр институтунун директорун кабыл алды

56  0

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Институттун ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын Институт менен өз ара аракеттешүүсүн жана алардын изилдөө ишинин потенциалын күчтөндүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметов Министрлер Кабинетинин Төрагасына Институттун учурдагы милдеттери жана жакынкы аралыктагы пландары тууралуу маалымат берди.

"Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун аналитикалык иликтөөлөрү мамлекеттик органдардын болжолдоо жаатындагы ишин олуттуу жеңилдете алат. Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын жана Аналитикалык иликтөөлөр фондунун бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгуу зарыл, аны менен мамлекеттик органдар, эл аралык коомчулук жана катардагы жарандар да пайдалана алгыдай болушу кажет", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттик Администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын кабыл алуу жаатында да тапшырмаларды берди.

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/2426Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА