Финансылык пирамидалар эң көп катталган Кыргызстандын региону аталды
RU

Финансылык пирамидалар эң көп катталган Кыргызстандын региону аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда финансылык пирамидалардын ишмердүүлүгүно байланышкан бир катар фактылар катталган.

ИИМ берген маалыматка ылайык, 2021-жылы Ички иштер органдарында финансылык пирамида уюмуна байланышкан 906 факты катталып, иликтенип жатат. Эң көп - 886 факты Ысык-Көл облусунда катталган. Болгондо да бир эле Балыкчы шаарынын кылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине 863 факты киргизилген.

Алардын калкка келтирген жалпы материалдык кесепети 34 миллион сом деп бааланууда.

Учурда "Улан-Амал", "Балыкчы-Ынтымак", "Ырыскы", "Аккуу", "Ак-Тилек", "Жүрөккө-Жүрөк", "Жүрөккө-Жүрөк Тоң", "Кут", "Нью-Миллениум", "Манийклуб", "Эл биримдиги" деген уюмдарга карата кылмыш иштери иликтенүүдө.

ИИМ эскертет - мындай уюмдардын ишмердүүлүгү Жазык кодексинин 214-беренеси "Финансылык пирамидаларды уюштуруу" дегендин негизинде жоопко тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2435