"Адамдардын жоопкерчиликсиздиги өлүмгө алып келүүдө". Ыктыярчы элге, бийликке кайрылды
RU

"Адамдардын жоопкерчиликсиздиги өлүмгө алып келүүдө". Ыктыярчы элге, бийликке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тез жардам кызматына COVID-19дан жабыркаган жарандарды ооруканага жеткирүүгө жардам берген ыктыярчы Валерия Садыгалиева кыргызстандыктарды жоопкерчиликтүү болууга жана коронавирустун алдын алууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык баракчага жазган.

"Санитардык чараларды сактагандан эринип жатканда...

Маскалар ден соолукка зыян, вакцинация адамга чип орнотуу, деп комментарий жазып долуланып жаткан маалда...

Өзүңүз жана жакындарыңыз түбөлүктүү, коронавирустун сизге тиешеси жок деп турган чакта...

Бизде: 84 жаш, цитокиндик шторм, дене табы 40, бул эки тараптуу полисегментардык вирустук жабыркоо 90%".

Бейтапты алып кала албайт окшойбуз. Мына адамдардын жана бийликтин жоопкерчиликсиздигинин кесепети.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2440