Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун алган
RU

Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын паспортун алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыгыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Мындай маалыматты Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы берди.

Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан сырткары, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп келген.

2018-жылдан бери Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга самолет менен учуп барып келип турган.

Жогорудагылардын негизинде Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал туркиянын жараны болуп эсептелет.

Андан сырткары, 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүүдө, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2456