Ошто добуш сатып алуу боюнча "Ынтымак" саясий партиясынын билдирүүсү
RU

Ошто добуш сатып алуу боюнча "Ынтымак" саясий партиясынын билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ынтымак" саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев, партиянын курамынан талапкер Б.Л.ди чыгаруу боюнча Оштун Аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазды.

"Эгер "подкуп" сыяктуу иш аракети менен талапкерлерибиздин жана аларга тиешелүү агитаторлордун бири тууралуу маалымат ачыкталса, алар дароо жазаланат, партиянын курамынан кайра келгис кылып чыгарылат, андан тышкары башка дисциплинардык чаралар да көрүлөт", - деп Марлен Маматалиев билдирди.

"Ынтымак" партиясынын лидери бир күн мурун ИИМге кайрылып, 7-июлда,Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранган. Андан тышкары прокуратурага да арыз жазылган болчу.

"Акчалай каражат үгүтчүлөрдүн эмгек акысын төлөгөнгө бөлүнгөн болчу. Расмий түрдө катталган бардык тиешелүү келишимдер бар. Бирок, ошого карабастан, "Ынтымак" партиясынын аброюна шек түшүрбөө үчүн талапкер партиянын катарынан чыгарылды", - деп Маматалиев кошумчалады.

"Ынтымак" саясий партиясы партиянын генералдык багыты төмөндөгүдөй деп билдирет: шайлоо процесси боюнча, мурун да, кийин да, эч кайсы бир мезгилде добуштарды сатып албоо, административдик кысым көрсөтпөө, жана кандай болбосун башка мыйзам бузуучу иш аракеттерге барбоо.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Амалканова А.А. тарабынан "Ынтымак" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 08.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2462