Айрым ЖМКларды Камчыбек Ташиев берген пресс-конференцияга себебин айтпай киргизбей коюшту
RU

Айрым ЖМКларды Камчыбек Ташиев берген пресс-конференцияга себебин айтпай киргизбей коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июлда, УКМКнын пресс-борбору УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен, саат 15:00до пресс-конференция болот деп анонс беришкен.

Бирок, журналисттерден саат 14:30га келүүсүн суранышкан. Пресс-конференция башталганда, айрымдарын УКМКнын имаратына киргизбей коюшту. Кирбей калгандар: Kaktus.media, Kloop.kg, Super.kg, "Азаттык", New.tv, Reporter.kg.

"Аккредитация жүрүп жатканда, кайсы тараптан кириш керектигин такташкан эмес. Биз адаттагыдай Жибек Жолу тараптан күтүп жатканбыз", - деп журналисттер баса белгилешти.

Ташиевдин басма сөз жыйыны - олутту иш чара. Ал узак убакытка эс алууда жүрдү. УКМКнын жетекчисинин комментарийине муктаж болгон бир нече маанилүү темалар бар болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2467