Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат берди
RU

Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын уурдалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, 2015-жылдан бери Инандыны уурдап чыгуу аракети көрүлгөн. Буга чейин УКМКнын 6-бөлүмүнүн кызматерлери, чет мамлекеттик жарандар Кыргызстандагы Түркиянын жаранын уурдап чыгуу аракетин көрүп жатышат, деген маалыматты алышкан.

"Бул маалымат алынгандан кийин 2019-жылдын 7-декабрында эле, биз бийликке келгенге чейин, сотко чейинки өндүрүш башталган. Башкача айтканда, 2019-жылы эле кылмыш иши козголгон. Андан кийин биз бул ким экенин иликтей баштаганбыз. Бир жолу УКМКнын кызматкерлери анын уурдалышын алдын алышкан экен", - деп Ташиев айтып берди.

"Так ошол Инандыны уурдап кетүү аракети көрүлүп жаткандыгын аныктагандан кийин, биз Инандынын өзү менен иш алып бара баштадык. Мен анын жубайына да, кызматкерлерине да бардыгын айтып бергем. Буга чейин Инанды үч күнгө жоголуп кеткенде, куткарып, кайра алып келгенбиз. Бул иш февралда болгон болчу. Андан этият болуп, жалгыз жүрбөөнү суранганбыз", - деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев Инандыга өлкөдөн чыгып кетүүнү да сунуштаган экен.

"Ага толук инструкция бергенбиз. Ал макул болуп, биз менен кызматташа баштаган. Шектүү адамдар жөнүндө маалымат берип турчу. Бирок ал фактылар тастыкталган эмес.

Ооба, биз ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого милдеттүүбүз, бирок жалгыз адамды кайтара албайбыз. Бизде 6 миллион калк бар.

Бирок ага жана башкаларга өлкөдөн чыгып кетүүну сунуштаганбыз. Башкача айтканда, бардык коопсуздук чараларды көргөнбүз. Тилекке каршы, алар тилибизди алган жок, натыйжада ушундай көрүнүш болуп жатат", - деп Ташиев актанды.

Ошондой эле Ташиев Инанды эки өлкөнүн паспортун колдонуу менен мыйзам бузгандыгын кошумчалады. Ага Кыргызстанда кылмыш иши козголот.

Ким жана кантип Инандыны чыгарып кеткени иликтенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2472