Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болуп жатат. Өлгөндөр бар
RU

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болуп жатат. Өлгөндөр бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-июлда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Kaktus.mediaга бул тууралуу маалымат булагы тастыктады.

Алдын ала маалымат боюнча, атышуу саат 16:00-17:00 чамасында Лейлек районунун Сумбул айылына жакын жерде болгон. Эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, ал атышууга чейин жеткен. Бир нече адам жаракат алды, каза болгондор дагы бар. Бирок алардын так саны азырынча билдириле элек.

Учурда кырдаал жөнгө салынды. Окуянын себептерин билүү үчүн окуя болгон жерге эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү барышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөздө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2478