Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан каза болгон жоокердин аты аталды
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан каза болгон жоокердин аты аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кийин УКМКнын 1994-жылкы чек ара кызматынын сержанты Хуснидин Хожиев каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Чек арачынын кандай кырдаалда каза болгону аныкталууда. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча тажик тараптан да жарадарлар жана каза болгондор бар.

Окуя болгон жерге Баткен облусу боюнча чек-ара кызматынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев жана күч структураларынын жетекчилери барышты.

Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү болгон окуя боюнча териштирүүлөрдү улантып жатышат.

Эске салсак, кечээ, 8-июлда. болжол менен саат 17:00до Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын атчан чек ара отряды кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумин ашуусу аймагында кызмат өтөгөн. Берилген маршрут боюнча , Чашмагилдан ашуусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара күзөт отряды күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2483