Кыргызстандын аймагында индиялык штамм аныктала элек
RU

Кыргызстандын аймагында индиялык штамм аныктала элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында индиялык штаммды жугузуу учурлары каттала элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өткөн брифинг учурунда, "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүш бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Оорулардын алдын алуу жана мамэпидкөзөмөл депатраментинин берген маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын 85,7%ы британ штаммын жана 14,2%ы түштүк африкалык штаммды жугузган.

Касымовдун айтымында, ухандык SARS-CoV-2 штаммы кыйла мутация болду.

Индиялык штаммдын өзгөчөлүгү, вирус 5-10 секундда жугат, ал эми клиникалык жүрүшү кыйла оор. Бул штаммды жугузганда башка штаммдарга салыштырмалуу госпитализация болуу коркунучу да жогорураак.

Омор Касымовдун пикири боюнча, вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу - бул калкты вакцинациялоо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2487