Мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп, 100 АКШ долларын талап кылган кызматкер кармалды
УКМКнын антикоррупциялык комитеттин Т.С.К. аттуу кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Т.С.К. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган кызматкер Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/2489