Депутат Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси жоктугун билдирди
RU

Депутат Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси жоктугун билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, анын Стамбулга барып келиши менен Орхан Инандынын уурдалышы экөөнүнн ортосунда байланыш жок. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook'тагы аккаунтуна жазган.

Эске салсак, Түркияга болгон сапарында Атазов "Жылдын алтын адамы" наамын алып, түрк кесиптештери, фракция лидерлери жана шаардын мэри менен жолуккан.

Андан тышкары, Инандынын үй бүлөсүнүн адвокаттары Генералдык прокуратурага арыз жазып, видеорегистраторго түшүп калган "Арсен Айылчиев саргылт-күрөң түстөгү, көкүрөгүндө ак жазуусу бар футболканы кийип турат, анан дагы бир киши бар, биздеги маалымат боюнча аты Асылбек. 2021-жылдын 29-апрелинде Арсен Айылчиев социалдык тармакка топ эркектер менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган экен, сүрөттө Орхан Инандынын видеорегистраторуна түшүп калган футболкасын кийип турат. Анын жанында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов отурат. Бизде Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси барбы деген шек саноолор жаралып жатат. Анткени, бир нече күн мурун, "Жибек жолундагы жылдын алтын адамдары" 17-сыйлык тапшыруу аземинде Түрк Республикасынан "Жылдын алтын адамы" жана "Жылдын депутаты" наамдарын алды.

Атазовдун пикири боюнча, Инандынын уурдалышына тиешеси бар деген айыптоолордун бардыгы аны көрө албаган саясатчылар тараптан жасалган кара пиар. Ал Түркияга эки элдин достук мамилесин чыңдоо жана инвестиция тартып келүү үчүн гана барганын баса белгиледи.

Атазовдун айтымында, сүрөттөгү жигиттин да киши уурдоого тиешеси жок. Анткени Түрк ЖМКлары операцияны түрк атайын кызматы жасаганын маалымдашкан.

"Сүрөттөгү бала кыргыз болуп турат. Камерада футболкасы сары ушуга окшош экен деп окшоштуруу бул түркөйлүк!", - деп депутат жазды.

Эске салсак, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга карган түнү жоголуп кеткен. 5-июлда Эрдоган аны Түркиянын атайын кызматы кармады деп жар салды. Көпчүлүк коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын бийлигинин аракетин катуу сынга алышты. Садыр Жапаров Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүсүн талап кылат, деп билдирүү жасады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2491