Каза болгон чек арачынын сөөгү Кыргызстанга Тажикстан аркылуу жеткирилет
RU

Каза болгон чек арачынын сөөгү Кыргызстанга Тажикстан аркылуу жеткирилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 9-июлда саат 18:00дө Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экендигин билдирди.

Тоо ландшафтынын татаалдыгына байланыштуу жүк-200 - Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара аскер кызматкери сержант Х.Хожиевдин сөөгү бүгүн, 9-июлда Тажикстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга жеткирилет.

КР УКМКнын Чек ара аскер кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагында болгон атышуу учурунда курман болгонун баса белгилейт.

Тажик аскер кызматкерлери КР УКМК Чек ара кызматынын бир гана чек арачысын кармашкандыгын белгилейбиз. Анын кайтып келүү маселесин эки мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү талкуулап жатышат.

Мамлекеттик чек арадагы укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялоо максатында, Башкы штабдын башчысы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары полковник Курсанбек Бекташов Баткен облусуна учуп кетти.

Кечээ, 8-июлда саат 17:00 чамасында Чашмагилдан ашуусунун аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө Тажикстандын чек арачылары УКМКнын Чек ара кызматынын отряды капыстан кол салышкан. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2495