Боом капчыгайында балдарды ташыган 3 автобус кырсыкка кабылды. Жарадарлар бар(сүрөт+видео)
RU

Боом капчыгайында балдарды ташыган 3 автобус кырсыкка кабылды. Жарадарлар бар(сүрөт+видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында үч автобус балдар лагеринен кайтып келе жаткан балдар менен кагылышты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күбөлөр кабарлашты.

Алардын айтымында, бүгүн, 11-июлда, Чүй облусунун Кемин районунда, Ысык-Көлдө жайгашкан балдар лагеринен балдарды ташып келе жаткан төрт автобустун ичинен, үч автобус жол кырсыгына кабылды.

Андан тышкары дагы эки унаа жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында балдар бар.

Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы Kaktus.media редакциясына кырсык Боом капчыгайында болгонун билдирди. Патрулдук милициянын коштоосунда балдарды ташыган автобустар Ысык-Көл облусунан Бишкекке кайтып келе жатышкан. Колонна алдында патрулдук автоунааны айдап бара жаткан МАИ инспектору аварияны көрүп дароо токтоп, жаркылдаган маяктардын бардыгын өчүргөн. Анын артынан бараткан автобустар токтой башташкан, бирок алардын үчүнчүсү токтой албай, экинчи автобусту сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен бир тарбиячы жана бир нече бала жаракат алышкан. Алардын абалы канааттандыраарлык , болгонуна карабай тез жардам кызматы алып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2531