Жалал-Абадда жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо ѳттү
RU

Жалал-Абадда жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо ѳттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 29-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2021-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы жөнөткөн.

Белгилүү болгондой, кароонун алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук

мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланды. Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович жалпы ѳздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Андан соң Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович сѳз сүйлѳп, милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, Жаңы жылга карата облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери кызмат ѳтѳшѳт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/253