Алымкадыр Бейшеналиев: Доктурлар кызыл аймакка баргысы келип, кезек күтүп жатышат
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Доктурлар кызыл аймакка баргысы келип, кезек күтүп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ою боюнча учурда кадрлар менен эч кандай көйгөй жок, алар чыдамсыздык менен кызыл зонада иштей турган кезегин күтүп жатышат. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, кызматка келгенде, COVID-19 менен ооруган 100гө чукул медик компенсация алган. Өзү кызматка дайындалышы менен 1000ден ашык медицина кызматкерине компенсация төлөндү. Ошол эле учурда, дал келишпестиктер жаралгандыктан көптөгөн документтер арыз жазуучуларга кайра кайтарылган. Министрдин пикири боюнча, учурда мурунку жылдагыдай адистердин тартыштыгы байкалган жок.

"Кызыл зонага барып иштегиси келген доктурлар кезегин күтүп жатышат. Анткени, биз азыр бардыгын убагында төлөп берип жатабыз. Бир доктур бир күнгө 3 миң сом алат, медайымдар 2 миң сомдон. Азыр медиктер мурункудай митингге чыкпай калышты", - деп министр ишендирди.

Радио угармандардын бири, бардыгы ушундай жакшы болсо, эмне үчүн кызыл аймактагы медиктерди тамак аш менен нормалдуу камсыздабай жатышат? Мекемелерде суу жок, доктурлар өзүнүн акчасына дүкөндөн суу сатып алууга аргасыз, деп суроо берди.

Министр учурда тамак-ашты мурункудай ӨКМ камсыздабай калган. Каражат түздөн-түз ооруканага бөлүнөт, жетекчилер кызматкерлерин тамак менен камсыздоого милдеттүү. "Ал эми суу боюнча айтсам, бүгүн эле барып бардык башкы дарыгерлерге кызыл аймактарды суу менен камсыз кылуу буюртмасын берем", - деди министр.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери үстүнө кошуп төлөп берүүлөрдү ала албай жаткандарын анонимдүү билдирип жатышат. Апрель айында медиктер митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2540