Доктур: COVID-19 менен ооруган балдар көбөйдү
RU

Доктур: COVID-19 менен ооруган балдар көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилекке каршы, балдар да коронавирус инфекциясын жугузуп алып жатышат. Алар чоңдорго салыштырмалуу ооруну жеңил көтөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда, брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова айтып берди.

Анын айтымында, "балдар арасында сомптому жок же инфекциянын билинер-билинбес формасы менен ооругандар" бар. Айрым балдарда инфекциянын козгогучу болот, өздөрү оорубаганы менен чоңдорго жугуза беришет.

Былтыр дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен жалпы ооругандардын ичинен 08-2%ын балдар түзсө, быйыл алардын саны 11-14%га жетти.

Маймерова балар арасындагы коронавирусту алдын алуу чараларын санап өттү:

  • Чектөө коюлуп турган мезгилде балдардын башкалар менен контакт болуусун максималдуу түрдө азайткыла.
  • Колдон келсе үйдө эле болгула.
  • Бөлмөнү ар дайым желдетип туруу керек.
  • Күнүнө бир маал ным чүпөрөк менен чаңдарды, полду түрүп тургула.
  • Дезинфекциялык каражат колдонгула.
  • Көңул ачуучу борборлорго, соода жайларга, жана киши көп чогулган жерлерге баруудан баш тарткыла.
  • Балдарыңарга кир кол менен бетти, мурунду, оозду, көздөрдү кармаган, ушалаган болбойт деп түшүндүргүлө.
  • Сырттан кирип келгенде ар дайым колду жууп турууну адатка айландыргыла.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2557