"Апрель" телеканалы эфирге чыгуу уруксатын алды
RU

"Апрель" телеканалы эфирге чыгуу уруксатын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын доо арызы боюнча "Цифровые технологии" жана "Апрель ТВ" ЖЧКларына карата чечим кабыл алды. Сот доо арызды канааттандыруудан баш тартты. Демек, "Апрель" телеканалы расмий түрдө эфирге чыгууга уруксаат алды.

Эске салсак, "Апрель" телеканалы 2018-жылдын жаз айларында ачылган. Кой-ташта болгон окуялардан кийин 2019-жылдын август айында каналдын мүлкү конфискацияланган. Ошондон бери канал өзүнүн материалдарын социалдык тармакта жана april.kg сайтында гана жайгаштырып келген.

2019-жылдын ноябрында "Цифровые технологии" ЖЧК жеке менчик телеберүүлөрдүн оператору, негиздөөчүлөрдүн чогулушунда "Апрель" телеканалынын мүлкү арестке алынганына карабастан көрсөтүүлөрүн берүүгө уруксат берген. Бирок аскер прокуратурасы мындай чечимди мыйзамсыз деп табып, сотко кайрылган.

"Апрель ТВ" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү КРдин мурунку президенти Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" коомдук фонду. Фонддун негиздөөчүсү Фарид Ниязов. Экөө тең учурда кой-таштагы окуялар боюнча камакта отурушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/255