Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты
RU

Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 128 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 20 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 92, "ишеним телефонуна" жана "ыкчам байланыш" номерине –16. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлүмү таратты.

Белгилүү болгондой, келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 9 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 47 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 72 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 43 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20 катуу эскертүү алды, 11 – сөгүш, 4 - эскертүү, 1- кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312) 61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779) 61-31-89 "ыкчам байланыш" (Whatsapp) номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн [email protected] электрондук дареги, ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат. Жарандар кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат, деп МСКнын басма-сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2573