КР УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
RU

КР УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын УКМК органдары терроризмге каршы иш-чаралардын комплексин уюштуруу учурунда, диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан М.А. аттуу чет мамлекеттердин биринин жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган М.А. "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр чатактардын аймагынан Кыргыз Республикасына келип, адамдарды өзүнө тартуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2577