Жардам сурап милицияга кайрылса, укук коргоочулар телефонун тартып алышты
RU

Жардам сурап милицияга кайрылса, укук коргоочулар телефонун тартып алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчынын милиционерлери жабыркаган жаранга жардам бергендин ордуна коркутуп, үркүтүп уюлдук телефонун тартып алышкан. Окуяны видеосу Instagram shtraf__kg баракчасына жарыяланган.

Видеого тартып жаткан жигит милицияны чакытркан. Анын айтымында, шаардык пляждын машине токтото турган жайына акы төлөнөт. Ошонун айынан жергиликтүү тургундар менен уруша кеткен.

Укук коргоочулардын бири өтө орой сүйлөп, бир нече убакыттан кийин видеого тартып жаткан жаранга кол салып, телефонун жулуп алат.

Ысык-Көл облусунун ИИБси Kaktus.media редакциясына берген маалыматына ылайык, окуянын чоо-жайы аныкталууда. Жакынкы убакытта кошумча маалымат берилет. Учурда кызматтык териштирүу жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2578