Дагестанда эки кыз жардын четине орнотулган селкинчектен учуп түштү. Видео
RU

Дагестанда эки кыз жардын четине орнотулган селкинчектен учуп түштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дагестандын Сулак тоосунда кыздардын жарга түшүп кеткендегиси видеого тартылып калган. Бул жөнүндо РИА "Дагестан" жазган.

Өспүрүм кыздар жардын четине орнотулган селкинчекти тээп жатышкан. Бир учурда селкинчек бекилип турган чынжыр үзүлүп кетип, экөө тең төмөн жака түшүп кетишкен.

Дагестандын полициясы берген маалыматка ылайык, жабыркагандар оор жаракат алышкан эмес. Республиканын ИИМи "аттракцион" учурда иштебейт, аны такыр алып салуу чечими каралууда, деп билдирди.

Бул окуя боюнча Дагестандын прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзө баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2579