Этникалык кыргыздар Ооганстандан качып, Тажикстанга баш калкалоого аргасыз болушкан
RU

Этникалык кыргыздар Ооганстандан качып, Тажикстанга баш калкалоого аргасыз болушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

77 этникалык кыргыз башпаанек издеп Афганистандан Тажикстанга кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн "Ховар" басылмасы тажик чек ара аскерлеринин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын арасында 26 эркек, 20 аял жана 31 жаш балдар бар экени белгилүү болду.

"ИРАнын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары, Талибан тарабынан келтирилген коркунучтан улам, ТБАОнун Мургаб районундагы Кызыл Работ айылдык жамааты аркылуу өмүрүн сактап калуу үчүн, Тажикстан Республикасынын аймагына көчүп келишти , "деп айтылат билдирүүдө.

Тажик чек арачылары аргасыз калган ооган качкындарын Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат беришти.

Учурда, качкындар Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл-Работ айылдык жамаатынын Андемин жана Чештеба участкаларына жайгаштырылды. Качкындар өздөрү менен мал алып келишкен: 1000 майда жандык, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2593