Дастан Догоев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
RU

Дастан Догоев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Санариптик өнүгүү министри - Дастан Догоев коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ал министрликтин бир топ кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринде коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

Ошондой эле, министрликтин кызматкерлери, ички планга ылайык, ушул жылдын июль айынын аягына чейин эмделе турганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2594