Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы алынып келинет
RU

Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы алынып келинет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы менен гуманитардык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда тараптар вакцинаны ташуунун бардык шарттарын жана талаптарын камсыз кылуу менен логистикалык маселелердин үстүнөн иштеп жатышат.

Гуманитардык жардам Руслан Казакбаевдин Азербайжанга жасаган расмий иш сапары учурунда жетишилген келишимдердин алкагында бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2596