Айбек Жунушалиев COVID-19га каршы эмдөө алды
RU

Айбек Жунушалиев COVID-19га каршы эмдөө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды. Мындай маалыматты КРдин өкмөтүнүн аппараты жөнөттү.

Ал вакцинациянын жана жамааттык иммунитеттин пайда болуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды.

Учурда республикада калкты COVID-19дан вакцинациялоо кампаниясы жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик орган кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2599