Бишкектеги мектептин котельныйында баңгизаттын ири партиясы жагылды
RU

Бишкектеги мектептин котельныйында баңгизаттын ири партиясы жагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы банги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун жок кылуу акциясын жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы маалымдады.

"Бул акция КРдин ИИМинин адамзаты үчүн эң коркунучтуу көйгөйүнө каршы күрөшүүдө чечкиндүүлүгүн дагы бир ирет көрсөтүп турат", - деп билдирүүдө жазылган.

Иш чаранын максаты калк арасында антибаңгизаттык пропаганда жүргүзүү жана анын кайрадан жүгүртүүсүнө бөгөт коюу.

№75-мектептин котельныйында 54кгдан ашык баңгизаты 1000 градус температурада өрттөлүп, эч зыянсыз күлгө айланды.

Баңгизатын өрттөө процессин укук коргоочу структураларынын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу эксперттер көзөмөлгө алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/259