Коронавируска каршы вакцинаны Ысык-Көлдүн үч пансионатынан алууга болот
RU

Коронавируска каршы вакцинаны Ысык-Көлдүн үч пансионатынан алууга болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө "Аврора", "Кыргызское взморье" жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаттарында COVID-19га каршы активдүү эмдөө жүрүп жатат, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Вакцинаны эс алуучулар дагы, жергиликтүү тургундар дагы ала алышат.

Эмдөө пансионаттын дарылоо бөлмөлөрүндө бардык санитардык ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.

Эске салсак, 11-июлда Кытайдан Кыргызстанга 1,25 миллион доза Sinopharm вакцинасы келип түшкөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында коронавируска каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Медициналык мекемелерде, пансионаттарда, соода борборлорунда, билим берүү мекемелеринде жана башкаларда 847 убактылуу эмдөө пункттары ачылган. Вакцинациядан өтүш үчүн, жанында паспорту болушу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2627