Ооганстандан качкан этникалык кыргыздар үчүн көчүрүлө турган жер даярдалат
RU

Ооганстандан качкан этникалык кыргыздар үчүн көчүрүлө турган жер даярдалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандан радикал Талибан уюмунун аракеттеринен улам качып кеткен этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын аймагында көчүп-конууга жер даярдалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында өткөн жыйында белгилүү болду.

Учурда Тышкы иштер министрлиги Тажикстан өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси менен биргеликте ооган кыргыздарын Кыргызстандын аймагына андан ары эвакуациялоо боюнча иш алып барып жатканы белгилүү болду.

"Жолугушуунун жыйынтыгында, компетенттүү мамлекеттик органдарга эвакуациялоо, көчүрүү үчүн жерди даярдоо, зарыл болгон инфраструктураны түзүү, этникалык кыргыздарга медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга Чек арасыз дарыгерлер эл аралык гуманитардык уюму аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды, деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин 77 этникалык кыргыз башпаанек издеп Афганистандан Тажикстанга кетүүгө аргасыз болгону белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2637