Кыргызстан менен Тажикстан дагы бир чек ара протоколуна кол коюшту
RU

Кыргызстан менен Тажикстан дагы бир чек ара протоколуна кол коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тараптар жетишкен макулдашууга ылайык, 12-17-июль күндөрү Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү духунда өткөнү белгиленди. Ошол эле учурда, басма сөз кызматы кол коюлган протоколдун чоо-жайын ачыкка чыгарбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2640