Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан каза болду
RU

Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмомали Рахмондун карындашы 64 жаштагы Курбонби Рахмонова 20-июлда коронавирустук инфекциядан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өкмөттүн пресс-кызматына шилтеме берип билдирди.

РИА Новостинин Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги маалымат булагы билдиргенине ылайык, Рахмонова коронавирустук инфекцияны жугузган. Ал Душанбе шаарындагы №5 ооруканада дарыланып жаткан экен.

Рахмонованы үчүнчү күнү, анын кичи мекенинде Тажикстандын түштүгүндөгү Дангара аймагынан жерге беришет.

Мындан мурун, 5-июлда, коронавирустук инфекциянын белгилери менен Тажикстандын президентинин кайын энеси, 88 жаштагы Узбекби Асадуллоева көз жумган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2667