Президенттин тапшырмасы боюнча Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды
RU

Президенттин тапшырмасы боюнча Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эки күндүк сапар алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Жалал-Абад облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2676