"Головной" участкасына видеобайкоо коюлду деген маалыматка төмөнкүдөй түшүндүрмө берилди
RU

"Головной" участкасына видеобайкоо коюлду деген маалыматка төмөнкүдөй түшүндүрмө берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы "Головной" участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тараптын видеобайкоо коюлду деген маалыматына төмөнкүдөй түшүндүрмө берди: Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан атайын кайтарууга алынган. 2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз-тажиктин ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз болуп калган.

Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан.

Азыркы учурда аталган аймакты Кыргыз Республикасынын ИИМи кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат, абал туруктуу, деп Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2693