"Спутник" вакцинасын алган аял каза болду. Саламаттык министрлиги түшүндүрмө берди
RU

"Спутник" вакцинасын алган аял каза болду. Саламаттык министрлиги түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Джалалидин Рахматулаев коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны алган аялдын каза болгондугу тууралуу комментарий берди.

23-июлда өткөн брифинг учурунда ал Бишкектин Ортопедия жана травматология илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө 1975-жылы туулган И.Н. жараны каза болгонун маалымдады. Анын уулунун айткандарына ылайык, 19-июлда "Спутник V" вакцинасын алып, андан кийин ооруканага түшүп калыптыр.

"Бул окуя боюнча ведомостводо эксперттик комиссия түзүлүп, себептүү байланышы аныкталууда. Соттук-медициналык экспертиза өткөрүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыктары чыккандан кийин кошумча маалымат берилет", - деди министрдин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2703