Токиодогу олимпиадага чиновниктер барат экен. Дарыгер менен массажисттердин ордунабы?
RU

Токиодогу олимпиадага чиновниктер барат экен. Дарыгер менен массажисттердин ордунабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин аппаратынын жана министрлер кабинетинин бир нече чиновниги Токиодо (Япония) өтө турган Олимп оюндарына Кыргызстандын делегациясына кошулуп барышат. Бул тууралуу Kaktus.media'га министрлер кабинетиндеги жеке булактар билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июлда Олимп оюндарынын ачылуу аземи өтөт. Кыргызстандын намысын лицензия алган 16 спортчу коргойт.

Оюндардын уюштуруучулары катуу чектөөлөрдү койгонуна карабастан, Кыргызстандын делегациясына бир нече чиновник кирди. Алар: президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Галина Байтерек, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаев.

Такталбаган маалыматтар боюнча, делегациянын курамына Жогорку Кеңештин бир нече депутаты жана маданият министри да кошулган.

Эске салсак, Улуттук комитеттин берген расмий маалыматы боюнча, делегациянын курамына 41 киши кирген анын ичинде 16 спортчу, 14 машыктыруучу, дарыгер, массажист, команданын пресс-атташеси, УОКтун, федерациялардын мүчөлөрү жана мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2705