Балдарын бөтөн кишилерге таштап кеткен келин табылды
RU

Балдарын бөтөн кишилерге таштап кеткен келин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлгө барып, ижарага бөлмө алып, балдарын бөлөк кишилерге таштап кеткен келин табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Ысык-Көл облусунун ИИБси маалымдады.

Эске салсак, 18-июлда, эртең мененки саат 09:30да ижарага бөлмо алган келин үйдүн кожойкесине кайрылып, балдарын карап туруусун суранган. Ошо бойдон кайра кайткан эмес.

"Балдардын сүрөттөрү ЖМКга чыккандан кийин Бостери айылына атасы келген. Ал эми апасы бир күндөн кийин милицияга кайрылган. Келин 22 жашта экен", - деп милиция кызматкерлери айтып беришти.

Балдар иштери боюнча комиссия профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 жана 2 жаштагы балдарды атасы жана анын жакын туугандарына өткөрүп беришти.

Балдарын таштап кеткен келин сүйлөшүүдөн баш тартып, кайда жүргөнүн, жана эмне себептен кетип калганын түшүндүргөн жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2711