Сүйөркулов менен Бейшекеев кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту
RU

Сүйөркулов менен Бейшекеев кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 25-июлда Венгриянын Будапешт шаарында жыйынтыкталган грек-рим күрөшү боюнча балдар арасындагы (кадеттер, 14-16 жаш) дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар эки алтын, бир коло байгенин ээси болушту. Нуристан Сүйөркулов 51 килограммга чейинки салмакта, Раззак Бейшекеев 60 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болсо, 45 килограмм салмакта күч сынашкан Нурболот Бердикулов коло байге алды. Алтын байге алуу жолунда Сүйөркулов менен Бейшекеев төрттөн беттеш өткөрүштү.

Грек-рим күрөшүнөн 51 килограмм салмакта килемге чыккан Нуристан Сүйөркулов алгач венгриялык Балинт Гаспарды 8:0, чейрек финалда орусиялык Малик Гигиевди 12:7, жарым финалда грузиялык Бесо Махарадзени 8:3 эсебинде, финалда украиналык Юрий Товтту 3:1 эсебинде жеңип кадеттер арасында дүйнө чемпиону болду.

60 килограмм салмакта күч сынашкан Раззак Бейшекеев алгач казакстандык Багдат Сабазды 8:0, ¼ финалда германиялык Еуген Шгелди 6:0, жарым финалда индиялык Сумит Сумитти 10:8, финалда ирандык Сеййедмостафа Сейеджафар Резаеи Дариакеннарини 4:1 эсебинде жеңип алтын медал тагынды.

45 килограмм салмакта коло байге ээси болгон Нурболот Бердикулов дагы жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач квалификациялык таймашта түркиялык Серкан Кесгинди 12:6, чейрек финалда орусиялык Руслан Люкияевди 3:1 эсебинде жеңип таймаштарын ийгиликтүү баштаган. Тилекке каршы жарым финалда жарым финалда украиналык Никита Дементьевге 10:0 эсебинде жеңилди. 3-орун үчүн беттеште ирандык Али Абдоллах Ахмади Вафаны 8:0 эсебинде женип алды.

Спорттук күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-июлда башталган. Буга чейин эркин күрөштөн 45 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Имронбек Рахманов коло медал тагынган.

Маалымат azattyk.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2743